тилмеч
- Котормочу, бир тилден экинчи тилге которуп берүүчү адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тилмеч Көкчө эр эле, / Күн чыгыш жаккы элдерде, / Мунун билбеген тили жок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Мажиктин Тоотору, / Оонабас тогуз болгону, / Тизгинден барып алыптыр, / Өзүнө келип калыптыр, / Кыргыл баштап баарысы, / Абаң Бакай карысы, / Атыңа тилмеч белең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Семетей баатырың, / Кол эсебин алганы: / «Бердике тилмеч берен жок, / Илгедей менен Талдыбай, / Өчөбап, Мөнгү эрен жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эртеси алар ары, биз бери жөнөгөнү жатсак, тилмеч улугунун дагы бир буйругун жарыялады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Сен Чолок-Терекке чейин бизди жеткиресиң дейт,— деди тилмеч.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →