тилме

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Дененин чыңалып, шишип кетме жана элдик дарыгерликте тилүү жолу менен эмдей турган оору түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үстүндөгү темир тон, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Опчулугун опчулап, / Кара бойун топчулап, / Бөрү тилме көк найза, / Бекемдеп кармап колуна, / Бурулбастан чу койду, / Жыйылган каңгай тобуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросондун Дабытай, / Каарданды карарды, / Бактыбайдан сак калып, / Сүйүндөн найза жегенге, / Намыстанып арданды, / Күңгөйдүн куу чаар жыландай, / Ого эле жаман заарданды, / Бөрү тилме өткүр миз, / Найзасын колго кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай карынын, / Алдына барып суранып, / Аттанып кутуң жөнөдү, / Бөрү тилме, өткүр курч, / Көк найзасын өңөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…не, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону тактырды, / Балбандар алып жактырды, / Колумсага салдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыйкыр менен жасаган, / Учун ууга сугарган, / Бөрү тилме чыгарган, / Темир өгөө ыргытса, / Өтүп кетет баарыдан, / Тосулуп калбайт соотуңдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →