тилим
- Бир нерседен узата кесип, тилип алынган бөлүк.
- Тилип-кесүү жумушу (мис., апийимди).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тилимди ал, Кубатай, / Эртең менен беттешип, / Кутурган кыргыз Чигитей, / Андан кийин жолго сал, / Өлтүрбөй туруп бу кулду, / Жер каздырып орго сал, / Алып барып шаары…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтсам да тилим алабы?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Койгун десем ошондо, / Тилимди менин алган жок, / Кичинесиң сен анда, / Каруу кылар дарман жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Апийим тилими кызыган кез.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →