тиле
- Каалоо, тилек кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элине тилеп амандык, / Дабытай айтты ар кандай, / Ачакан менен Кесилет, / Башкача акыл айталбай, / Таң атырды кеп менен, / Чырым уйку алалбай, / Кыргыздардын Саламат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Же жабыла көчүп чуркурап, / Жамандыкты тилейби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бакай айтат ошондо: / — Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Сейитек элдин жүрөгү, / Гүлчоро элдин тиреги, / Ак калпак кыргыз эл калбай, / Гүлчоро келер бекен деп, / Күндө тилек тиледи, / Керменбайга мурунку, / Семетейдин барында, / Гүлчоро ордун берели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл меньшевик менен казак орустун жеңгенин тилеп отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» , – деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →