тилдүү

китептерде 32 жолу, 8 китепте
  1. Заар тили бар, бирөөлөрдү тилдеген, кагып силкип, жемелеген же жалпы эле көңүл ооруткан сөздөрдү көбүрөөк айткан сүйлөөк, тажаал, каяшачыл.
  2. Сөзмөр, сөзгө уста, чечен, ширин сөздүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки жанын каранып, / Ээрди, мурдун жаланып, / Бөрү тилдүү өткүр миз, / Найзасын колго карманып, / Ачаканды көргөндө, / Жалгызектин Бактыбай, / Кайра жаачу булуттай, / Каар жүзүнө айланып, / Жаалысы келип жүзүнөн, / Ачаканга Бактыбай, / Жебеден мурун жеткени, / Найзасын булгап алгынча, / Көмө койуп өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…т, / Жарык дүйнө түн болуп, / Үйдүн ичи күүгүмдөйт, / Койон жүрөк коркоктор, / Сийдиги агып бүрүлдөйт, / Шамал болбой күн жаабай, / Кулактары дүрүлдөйт, / Кара тилдүү Тазкара, / Кайраты бар алынча, / Ата башка, эне бир / Чойтолоңдун жанында: / — Алдырабай сен желдет, / Менден уккун далай кеп, / Чойтолоңду не үчүн, / Тапан ха… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Торсолдойду хан Бакай, / Кармап колдон жетелеп, / Каныкей келет эңчеңдеп, / Гүлүстөн келет жанашып, / Көргөндүн баары карашып, / Кызыл тилдүү Керменбай, / Сетертай менен Каргалдай, / Сетертайдын багы деп, / Айтып жаткан дагы бар, / Торсолдойду кара, деп, / Суктанганы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →