тилдеш2

китептерде 13 жолу, 3 китепте тилдеш 1 →
  1. Бири-бири менен сөгүшүү, жаман сөздөр айтып бирин-бири тилдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…арааныңды көрдүм мен, / Козголоң салган баарыга, / Кубатай деп угамын, / Кеңештеш киши эмесмин, / Эшиткен менин кулагым, / Оогандын ханы Ырыскан, / Шоорук экөө тилдешип, / Темир шааны куруткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Медеркан менен тилдешкен, / Бекем байлап сүйлөшкөн, / Билгич киши бул экен, / Келер ишти бүт билген: / — Мадыбекти сурайсың, / Башкадан дагы сураба, / Бекер өлүп кетесиң, / Өз жаныңды канткенде, / Мадыбек үчүн кечесиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Конушун уктук булардын, / Көргөнмүн жолун билемин, / Чыйырды менен тилдешип, / Сен экөөбүз бирлешип, / Чыйырдыдан угалык, / Акбалта менен сүйлөшүп, / Анан жумуш кылалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карылып, Банус бирлешип, / Сынчы менен тилдешип, / Наманген, Ошто кыргыздын, / Жылкысын алды дүрбөтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асили түбү ишке ашпайт, / Тилдешпей кылган урушуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →