тилде

китептерде 41 жолу, 9 китепте
  1. Жемелөө, урушуу, сөгүү, тил тийгизүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чигитейге жөлөнүп, / Казак катын тилдеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Угуп алып Суумерген, / Айтумуш менен Чынгышты, / Катар тилдеп каарданып, / Кайра жаачу булуттай, / Бузулуп өңү заарданып: / — Алып кел барып элиң деп, / Айттыңар мага далай кеп, / Мен кетипмин кенебей, / Анда эмесе мейли деп, / Чоң дөбөт баштап өлдү деп, / Айтканыңар кандай кеп?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чайы менен наныны, / (Адам билгиз саныны), / Тилдеп түгөл жөнөттү, / Колго кирген барыны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара нээт бул канчык, / Чойтолоңду кастады, / Тапан ханга тилдетип, / Желкесинен баскалы: / — Сейиттен өлдү канча жан, / Эми өлсө эки, үч эр / Баарысы эрчип бул элиң, / Чойтолоңдун артынан, / Сейитке жагынып, / Кетирет сени баркыңдан, / Эмгичекти канча кеп, / Таратты экен артыңдан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Атайлап Сатай барганда, / Окмогой менен Чокмогой, / Энеси кемпир кошулуп, / Баарысы келип калыптыр, / Кырдакы кепке ишенип, / Кошо келген каңгайга, / Кожойун болуп алыптыр, / Кээ бирин тилдеп сөз менен, / Кээ бирин кардап көз менен, / Кээ бирин уруп салыптыр, / Жашырбастан, жаппастан, / Сатай айтып барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →