тикте

китептерде 352 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөнү же бир нерсени кадала кароо, көз ирмебей карап калуу.
  2. Кандайдыр бир нерседен үмүт кылып күтө кароо, абдан каалап тилек кылуу, тилөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Токтоо кылып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп кетпес, деп, / Тоо бөксөлөп өтөт, деп, / Жол тосоттоп үй тигип, / Тиктеп жүрчүү бекемдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тулпардын изи экен, деп, / Тиктеп көрсө бекемдеп, / Алтымыш уруу алаштын, / Такасындай из эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Угуп Жаңгыр делейип, / Тиктеп калып элейип: / — Катыгүн, Чыңгыш, не дейсиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тиктебей көзү мелтиреп, / Каарын көргөн Коңурдун, / Акылын таппай темтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →