тик3
- Кийим же башка нерселерди даярдоо үчүн кездемеге же башка материалдарга тигиш түшүрүү, кийимди же башка нерселерди тигилген, даярдалган абалга жеткирүү.
- Боз үйдү, чатырды көтөрүү, орнотуу, куруу.
- Көчөт отургузуу, уругун, тукумун жерге көмүү (мис. картошканын, ашкабактын, дарбыздын).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өмүр жандын Кызылкыз, / Он эки кабат ордодон, / Ойу менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Би…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чоң майданда беттешип, / Ортого күлүк ат сүрүп, / Маңдайлашып баратса, / Кандай жан тиктейт аларга?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
улукка үй тиктирбеген, айтор ушундай-ушундай эле немелер болсо керек,— деп жооп берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →