тийиш2
- Бири-бирине тийүү, тийген, жанашкан абалда болуу.
- өт. Бирөөгөө кычаштык сөз айтуу, тийиштик кылуу, сөзгө чакырып, таанышууга, жакындашууга аракет кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тийишпесең тийбеймин, / Катышпасаң кишиге, / Катышууну билбеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Айылдан кийиз алышты, / Төрт бурчунан көтөрүп, / Айылга бара калышты, / Чуркураган үндү угуп, / Туйунуп Көкөй калышы, / Жете барып балага: / — Жинди болгон кишиге, / Тегеректеп турбаңар, / Ай менен күндүн кулагы, / Тийишип казак элинде, / Айлыңда турса душмандар, / Жай-жайына тараңар, / Жан сактоо жагын караңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Камынып кыргыз тосконун, / Хан Дабытай билди эми, / Хан Дабытай, Кесилет, / Камынып атка миништи, / Кыргыздын эли экен, деп, / Манас деген үндү угуп, / Калмакка барып тийишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көрүнө кызыр жар болуп, / Шай колдоп муну койуптур, / Тийишип койуп алты хан, / Көз каранды болуптур, / Кубаналы Букарлык, / Күйөө болуп ушулар, / Сыймык бизге конуптур”.- / Деп ошентип букарлык, / Карбаластап камынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тийишип мында келбесең, / Көрөр көз кылып алмакмын, / Көп катындын ичинде, / Бир көтөрүп салмакмын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →