тий

китептерде 1589 жолу, 10 китепте
  1. Урунуу, урулуу, кагылуу.
  2. Тийгизүү, козгоо.
  3. Катылуу, тийишүү.
  4. Жетүү, карамагына өтүү, колуна берилүү, тиешелүү болуу.
  5. Күйөөгө чыгуу, бирөөгө жар болуу.
  6. Кол салуу, тиш салуу, качырып кирүү.
  7. Күчкө салып бөлүп кетүү, айдап алып кетүү.
  8. Чагуу, чагып алуу.
  9. Ооруга чалдыгуу, ооруп калуу.
  10. Учуроо, жолугуу.
  11. Козутуу, козгоо, кыжыры, ачуусу, жини келүүгө себеп болуу.
  12. Кабылтуу, пайдасын, зыянын, кесепетин ж.б. тийгизүү, ушундай шартка учуратуу.
  13. Жарык түшүү, айдын, күндүн нуру чачыроо, төгүлүү.
  14. Жалап же башын салып кетүү (иттин, мышыктын сүткө же башка тамак-ашка тийип кетиши жөнүндө).
  15. Жадатуу, эстен кеткис, унутулгус абалга келтирүү, кыйноо.
  16. Урушуу, тилдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шамал чыгып зыркырап, / Ат туйагы тийген таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жандырып кайта чаппаймын, / Бирден-бирден домдоймун, / Найзакерге найзам бар, / Аз келесиң он бешиң, / Ылганып жүзүң чыгыңар, / Жалгыз башым Кененим, / Жүз миңге жалгыз тийерге, / Жадабай турган демим бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда Баймат кеп айтат: / — Кордойдун аркы оозунда, / Тогузу тийди колума, / Өзүм менен он болуп, / Жүргөмүн элдин соңунда, / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Өкүмүм эки болбойт, — деп, / Өтүрүк айткан оңбойт, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк менен Каныкей, / Ат жетер жерден алдырып, / Элди арбын жыйыптыр, / Жерге төгүп алтынды, / Чөккөн төөдөй кылыптыр, / Ошол кезде Каныкей, / Элге айтып туруптур: / — Тилинен тартып өзөккө, / Ич этине тийбеңер, / Өлүп кетет тийсеңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Эми дагы бир жардамыңды тийгизип, мени кое бер, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →