тизмекте
- Тизмекке салуу, тизүү, тизмеги менен айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ха…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мас болгонду жаткырып, / Колунан алып ачкычты, / Кишендерди ачтырып, / Тизмекте аттан минишип, / Жүрүп кетти бастырып, / Топуракты чачтырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, деп, / Кырк чоросу Манастын, / Боорун кактап койсун, деп, / Боорун кактап жебесе, / Ичин жарып өт алып, / Көзүн чукуп койсун, деп, / Тигилип тилек кылышып, / Тизмектелген доңуздан, / Бир миңдейин кырышты, / Өзүнчө “намаз” окунду, / Кеңдемеде буткана, / Жүз миң киши чокунду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Этегине тизмектеп, / Он алты жерге арп койгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эрдигин таанып Абыке, / Эрбеңдеген баланын, / Айтар кебин тизмектеп, / Ойлонуп турат Абыке, / Элине айтар саламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →