тизеле

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Бутту тизеден бүгүп, тизеси менен басуу, ныгыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барып келдим, бар дедиң, / Пейили жаман, түрү суук, / Көкбөрү деген неменин, / Тогуз катар жүгүнтүп, / Кара жандан түңүлтүп, / Тизелетип жылдырып, / Нечен таазим кылдырып, / Алып кирди биздерди, / Өзүңүз айткан сөздөрдү, / Калтырбай атты Койтолоң, / Бачым кайта бар, деди, / Сөздү угуп болгон соң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ханы өлүп эл калса, / Саадагын салып мойнуна, / Кол куушуруп тизелеп, / Бир жүгүнүп кутулат, / Кара аскер өлүп хан калса, / Калкынан жана кычырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атынан түшө калышып, / Белинде курдан алышып, / Орой-торой чалышып, / Ача кармап силкишип, / Тизелей түшүп оңолуп, / Жыгылганы жок болуп, / Жер кучактап торойуп, / Көөдөндөшүп тирешип, / Тепе-тең турат соройуп, / Баштарында туулга жок, / Кокодой башы кодойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Керкөкүл менен Агышты, / Далыдан чапчый алганы, / Бурдап басып тизелеп, / Эр Манастын жолуна, / Курмандыкка чалганы, / Карап турган көпчүлүк, / Кой деп айта албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…мерип, / Бирин-бири серпишип, / Серпиштен айла кеткенде, / Торой чалып токтолуп, / Барганча көчүп октолуп, / Ача кармап кол силкип, / Мойундан орой кармашып, / Тизелей түшүп оңолуп, / Кара тер бойдо суу болуп, / Орой торой чалышып, / Койун-колтук алышып, / Кочкордон бетер койушуп, / Кээ-кээде башы кагышып, / Ооруганга чыдабай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →