тизе

китептерде 76 жолу, 10 китепте
  1. Шыйракты сан жилик менен бириктирип турган муун, анын үстүндөгү томук сөөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөндөрүн тирешип, / Буттары жерди жирешип, / Булкуп- силкип имерип, / Так көтөрүп аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбет кайдан айанды, / Төрдө жаткан Көкчөнүн / Төшөгүнүн айагы, / Сол тизесин тайанды, / Аш кайнамдай Алмамбет, / Алда кимди айтат деп, / Айран-азыр калганы, / Жадаганда Алмамбет, / Жайын сурай салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күмбөздүн көрүп караанын, / Урматтуу баатыр кыз балбан, / Атынан түшүп жетелеп, / Тизеси жерге бүгүлүп, / Урмат кылып жүгүнүп, / Күмбөздү көрүп туралбай, / Көзүнүн жашы төгүлүп: / — Атагы алаш болгондо, / Ааламды алган кулданып, / Моңгулдан айрып б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карансыз дүйнө шум жалган, / Башым жерге киргенче, / Тизем жерге тийгенче, / Тим эле кантип берем — деп, / Канкор Манас баатырдын, / Катын, бала бүлөөсүн, / Кармап турсам керээз — деп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →