тизгин

китептерде 58 жолу, 10 китепте
  1. Эки учу жүгөндүн төңөлдүрүгүнө байланып, минилген унаанын башын буруу, багыттоо же токтотуу үчүн колдонулуучу кайыш боо.
  2. өт. Бийлик, башкаруу укугу.
  3. өт. Токуу станогунун (өрмөктүн) бир бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карсылдашып койушуп, / Кадимки сайыш болушуп, / Алдында минген аттары, / Тизгин тартып чойушуп, / Найзаны канга чыкташып, / Барган сайын өчөшүп, / Бирине-бири ыкташып, / Кыйгай кармап жарагын, / Кыйамына келтирип, / Жан айабай мушташып, / Кызык уруш мезгилде, / Кызыгышкан кезинде, / Чигитей келди ал кезде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көрө салып эр Сүйүн, / Акжал менен койгулап, / Табына келген тулпары, / Тизгин кагып чойгулап, / Бактыбайга бурулуп, / Келе жаткан Ачакан, / Ат дүбүртүн укканы, / Эр Сүйүнгө сайдырбай, / Жолунан тосо чыкканы, / Аксаргылдан Сүйүндү, / Көмө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Биз жедигерди алганда, / Жезкемпирдин жети уулун, / Хан көтөрүп жанганда, / Угуп көрсөм укмуштан, / Жети ханга ээ кылбай, / Тизгинди Кыйаз алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →