тиешелүү
- Тийиштүү, тиешеси бар, таандык, менчиктүү, караштуу.
- Байланыштуу, катыштыгы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арачысы бир киши, / Арага келип кеп айтты: / “Ой, Каныкей байбиче, / Кулак салчы деп айтты, / Ар кимдин эри өлүүчү, / Артында зайыбы калуучу, / Тиешелүү жесирин, / Тим эле нике кыйуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сен тиешелүү жесирсиң, / Албай кантип ал койсун, / Ата ордуна карманган, / Аксакал агам ал болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Гүлпаарыга агалары эки тулпар, үч куржун алтын, жана үчөөнө тиешелүү кийимдер, Гүлпаарынын бала кезинен бирге жүргөн күчүгүн кошо беришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →