тигиш1
- Кездеменин же башка материалдын бириктирип тигилген жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабар айтып бар элге, / Үй тигишке камданды, / Кырк төрттүн ашын берем, деп, / Кылым элге жар салды: / — Кырк уруу кыргыз баарың кел, / Кырк урууң кырк миң үйдү бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Таза жерге жыктырдым, / Тармал ирик кырктырдым, / Кыздарга кылын тердирдим, / Шуушаң менен керттирдим, / Майда кумга сабаттым, / Төрт талаа кылып жасаттым, / Тигишип милте жаптырдым, / Тышынан чыраш тартырттым, / Ичине шайы ичтеттим, / Жээгине кара карматтым, / Борго кошуп болоттон, / Арасына ширеттим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кирдеп келди балам, деп, / Көйнөгүн алып Айчүрөк, / Чылап сууга салам деп, / Жакасын Чүрөк кармады, / Тигиши колго башкача, / Эмне деп шек алды, / Аңтара кармап Айчүрөк, / Жазган катты таап алды: / “Акылман жеңем Айчүрөк, / Гүлчородон уксаң кеп, / Сейтек келип жөнөдү,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тескейге чыгып калың журт, / Чатырларын тигишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жамаачыларби менен кыйышып тигиштери жымылдап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →