тиги

китептерде 222 жолу, 10 китепте
  1. Жакын аралыктагыны, жердегини көрсөтүү үчүн колдонулуучу шилтеме ат атооч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…к чалбады, / Токтоо кылып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп кетпес, деп, / Тоо бөксөлөп өтөт, деп, / Жол тосоттоп үй тигип, / Тиктеп жүрчүү бекемдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тиги турган Сетертай, / Ордонун башы болгондо, / Бийик өкүм колунда, / Экөө бирге турганда, / Дагдаарып көөп кетпеди, / Ойунда сактап бул жүрдү, / Айчүрөк айткан кептерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул тигинден жашыраак. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →