теңтуш

китептерде 45 жолу, 9 китепте
  1. Бирге өскөн, бир жашташ курбу, тек курбу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ылаа кайта барыптыр, / Уккан-көргөн кептерин, / Түк калтырбай салыптыр, / Угуп алып Каракөз, / Санын чаап каткырып: / — Кара кыргыз Бактыбай, / Теңтуш киши кептенип, / Мага салам айттырып, / Бул кудайдын иши экен, / Жалгызектин Бактыбай / Качантан бери катарга, / Кошулушкан киши экен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ханга теңтуш уз болуп, / Мадана көөнү толуптур, / Калемкашка туш болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Же тийишип келип конгундай, / Кытыгый теңтуш чал беле? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Теңири бирге теңтуштун, / Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, / Канчоронун кылыгын, / Гүлүсүм анын бири дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өз теңтушум табылды, / Уруксат мага бергин — деп, / Кыргыздан чыккан сиз да хан, / Калмактан чыккан Алооке, / Ал экөөңөр окшош хан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →