теңсин
- Теңине алуу, башка бирөөнү өзү менен барабар сезүү, өйдөсүнбөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тете деген бар эле, / Илебинди теңсинтпей, / Эрмин деген ал эле, / Чогулушуп күдүңдөп, / Хан көтөрдү аны эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мени менен теңсиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак арстандар, / Теңсинип сага чыгабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мөкүбалду найза алды, / Күүлөнгөн найза күркүрөп, / Эпкини менен найзанын, / Жердин бети дүңкүрөп, / Кой күрөң менен каргытып, / Койуп барат Сейитек, / Баатырдын уулу жалгызың, / Кутургурду теңсинбейт, / Кутургундун ойунда, / Сенден артык эрмин, — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мен Семетейдин иниси, / Сен теңсинбес кара бет, / Иниси эмей кимиси.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →