теңсел
- Ыргалуу, ары-бери жай кыймылдоо, чайпалуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…елген белем, деп, / Сонундан алат элем деп, / Оолжуп тиктеп турганда, / Алды жаккы төө тыныш, / Жабыла жайнап эл келет, / Көтөрө албай көптүгүн, / Капчыгай ичи теңселет, / Желеги жол-жол сарыдан, / Жер майышкан көп адам, / Кайдан келди экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үрбү окуп ал катты, / Башын чайкап теңселип, / Кыл муруту сеңселип: / — Болбостур, Ажым, болбостур, / Бара жатса он төрт хан, / Мен бөлүнүп калсам оңбосмун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…екер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайраттанып белсенип, / Кан ичүүгө эңсенип, / Мас болгондой теңселип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…ыз чыгып алып, эки жагыма карап, менден алда канча төмөн турган Башариндин үйүн көрүп, жер жүзүнөн тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →