теңеш
- Тең келишүү, теңеле алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…неге келдиң, деп, / Теңдик кепке келбесе, / Тентек уулу Асылды, / Күүлөп бизге жиберсе, / Карың казык болгуча, / Башың жастык болгунча, / Кан төгүшүп урушуп, / Теңешели кыргызга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карагай, кайың, тереги, / Бой теңешип теңселип, / Мени көрчү дегенсип, / Алтайдын суусу алкылдап, / Иленин суусу жалтылдап, / Үстүндө салы калкылдап, / Теңир тоонун шамалы, / Өтө сонун салкындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…зден деп, / Эмнең кетет сен, кедей, / Жок эле андай нерсе, деп, / Ошентип айтып жүрсөңөр, / Акылга сыйбас бул бир кеп, / Бай Жакып болуп кеңешип, / Бирин-бирге теңешип, / Үйү жок үйлүү болсун да, / Үйү болуп, малы жок, / Короосу куру болбосун, / Байатан айткан кептерим, / Эсиңерде бар болсун, / Куршугу чыкпай ичинде, / Комутт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →