теңдүү
- Тең чамалуу, бирдей, курдуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк тендүү киши көп эмес, / Куткарбастын элинде, / Жашыл тендүү жок эмес, / Алты тендүү киши бар, / Ар укмуштуу иши бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алты тендүү элим бар, / Жашыл жээктей жерим бар, / Кумсар сыйкыр куу найза, / Алар турса жанымда, / Эминеден кемим бар, / Кеңеш берсе Тапан хан, / Кериле басып сен турсаң,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Кечигип калды Куткарбас, / Сейитти ал жеңди” — деп, / Кайта артына келаткан, / Өзүнө-өзү күдүңдөп: / — Атым Татан эр туруп, / Кол астымда колбуган, / Кызыл теңдүү эл туруп, / Куткарбас баргын деп айтса, / Мында келдим бой уруп, / Талаада жүрдүм мынча күн, / Көйнөк чечип жатпастан, / Көзүмдү жумбай тик туруп, / Жол карады…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Белдүү бала бул экен, / Азыркысын жаш бала, / Атылып турган ок экен, / Күйүп турган чок экен, / Өзү теңдүү балдардын, / Далайынан шок экен” / Асманда жүрүп ой ойлоп, / Көрбөгөн, уккан Айчүрөк, / Жүрүп кетти калкайып, / Багдаттын жолун болжолдоп, / Таласта Чүрөк кеп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Күрөшкөндө, жумушка келгенде өзү теңдүү балдардын камбылы.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →