теңдик

китептерде 39 жолу, 8 китепте
  1. Тең укуктуулук, эркиндик, боштондук.
  2. Калыстык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…т, / Адам жеңгис баары алп, / Кол салдың деп кыргызга, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Баарынын канын агызса, / Алты урук келсек чогулуп, / Эми неге келдиң, деп, / Теңдик кепке келбесе, / Тентек уулу Асылды, / Күүлөп бизге жиберсе, / Карың казык болгуча, / Башың жастык болгунча, / Кан төгүшүп урушуп, / Теңешели кыргызга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайра басып керилип, / Коңшуларын келтирип, / Ажыбай кул келе атат, / Ардактап атын албаңар, / Камап барса көп дөбөт, / Чык деп айтып салбаңар, / Талаага чыгып бирөөңөр, / Таңыркап карап калбаңар, / Албагансып теңдике, / Тескери кеткин барыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ойо бере албай, / Талаа-талаа найзасы, / Тараша кетип кыйчылдап, / Эр Тапактын тенинен, / Тер куйулуп былчылдап, / Сейитимди сайалбай, / Тапактын иши аксады, / Теңдигин колго алалбай, / Тулку бойу зыркырап, / Кар жилиги какшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп ушинтип Кутургур, / Бучкакка атты бир койуп, / Жүрүп кетти кайрылбай, / Теңдиктин жолу ушундай, / Сейтек калды кайгырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Киши кылбас иш кылып, / Семетейдин кайратын, / Өз башына күч кылып, / Теңдик менен сойбодук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →