тешик
- Тешилген, тешилип ачык болуп калган жер; көзөнөк; жыртык, оюк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…рчуктоо, / Токтобой кулап быркырап, / Топ-топ учкан канаттуу, / Бирден учуп дыркырап, / Адырда жүргөн айбандар, / Үн алышып чуркурап, / Жер ойулуп кетет деп, / Тешикке кирген айбанат, / Баары ыйлап буркурап, / Агын суулар аркырап, / Токтоо суулар шыркырап, / Аңкуш-аңкуш дей албай, / Суурлар калды кыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жылаңайлак Алмамбет, / Боору менен жылганда, / Жаасын таштап салыптыр, / Белинен кармап мылтыгын, / Эңкейип алдын караса, / Алдыргандай оозунан, / Аңкайып Чубак калыптыр, / Аккулжа качып жолуна, / Жакын жетип барыптыр, / Тешик жардын оозуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Капкара болуп келбети, / Тешиги жок түбүндө, / Ал чүпүрөк калтадай, / Аңтарылып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →