теш
- Учтуу нерсе менен көзөп, сайып, тешик чыгаруу, көзөнөк кылуу.
- Жыртылуу, оюлуу, түшүп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрдинен көзөп тешпесем, / Кекиликтей мойнунан, / Кедери толгоп үзбөсөм, / Арбагы Манас жар болсо, / Биргелешкен тогуздун, / Тобун бузуп келбесем, / Келгис кылып Таласка, / Жолун тосуп келбесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оодармалуу шум дүйнө, / Оодарылган бир күндө, / Олжого келген Айчүрөк, / Толтойдун уулу Кыйазга, / Баш боолуу болуп бир күндө, / Баш байланган Гүлчоро, / Как далыдан тештирген, / Кечир сөөгүн кестирген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, - / Деп ошентип Каныкей, / Куну куйуп тышынан, / Нушту берип ичинен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн алдырып, / Ийлеп туруп салдырып, / Көкжоруну…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баягында көкөйүмдү тешип, Көк-Теректен көтөрүп келген жаргылчак жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →