тетири
- Кадимки көндүм болуп калган көрүнүштө эмес, оң же туура абалда эмес, тескери.
- Кыялы, мүнөзү, жүрүм-туруму терс, мүнөзү кырс, кежир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Аманат жандан түңүлүп, / Шашканынан Конушбай, / Бекбача деп айта албай: / — Ой Кыргызбай, Кыргызбай, / Аскер каптап сел кылды, / Жер сойулган эл кылды, / Күн тетири желдеди, / Түнөрүп жаткан бул элге, / Бенденин алы келеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сени ээрчип самсаалап, / Тапан ханга барбайбыз, / Тетири сурак кеп угуп, / Балаасына калбайбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мен келгели Таластан, / Тетири алат баарысын, / Тоодой төрө Кыйазга, / Билгенимди мен айтсам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…м, / Алты айча жаттым бул жерде, / Мында тайган сен бактың, / Ойротту сайып чыкканда, / Жаштык кылып элебей, / Кайгы ойдон чыкканда, / Чуркап жетип барганда, / Тетири ишим чалганда, / Өлүмүш болуп чоң Ойрот, / Арамдык ойлоп жатканда, / Тушай эки бутумду, / Кетелек менен чапканда, / Эки буттун жилигин, / Катарынан чакканда, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жайымды көрүп отурбайсыңарбы» деген кишидей болуп тетири карап кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →