тетиги

китептерде 78 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү аралыкта, алыстыкта турганды көрсөтүү үчүн колдонулуучу шилтеме ат атооч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакып байга караган, / Жаакташка конду эле, / Бакай хандын конушу, / Майбулакта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээктей, / Бир келки аппак жабуусу, / Эр Чубактын айылы, / Карабуура, Чаткалдан, / Алмамбетке караган, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетейден тетиги, / Гүлчоросу мыкты экен, / Жоо сайышка ыктуу экен, / Урушка өтө шыктуу экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өйүздө турган тетиги, / Нескара, Уушан, Мурадил, / Опколжуп жүрөк кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тетиги үйгө баралы,— дедим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →