тете

китептерде 80 жолу, 5 китепте
  1. Барабар, теңдеш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Илебин менен Сакычак, / Катар өлүп кеткенде, / Испандын колу турбастан, / Жөнөп берди дүрбөшүп, / Хансыз калган караандар, / Атайын киши жыйдырып, / Хан көтөрдүк Тетени, / Анан келдик алдыңа, / Бурулуп киши кетпеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манастын уулу каракөк, / Өңү сары эмеспи, / Көк таргыл болуп көгөрүп, / Так көтөрүп тетени, / Жулуп алды атынан, / Кеңкулага өңөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырк кишинин башчысы, / Башкарып жүргөн жакшысы, / Тетеге деген неме экен, / Атасына эркелеп, / Тентек өскөн бала экен, / Тепеңдеген Тетеге, / Айткан кеби ал экен: / — Из кууса, изди жазбаган, / Айтканын жаза айтпаган, / Мына бу турган Кытыгый, / Өзү кыйын өткүр чал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара тендин эли эле, / Тете мыкты эр эле, / Жетимиш миң кишиге, / Мен боломун дер эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сексен миң аскер кол турса, / Пил көтөрбөй жөө жүргөн, / Тетегедей зор турса, / Ойрот, Буйта экөө өлсө, / Сомбилек кайдан кутулат, / Тетеге найза көтөрсө? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →