теспе

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. дин. Бирден сыдырып, окулган сүрөөлөрдү эсептеп туруу үчүн колдонулуучу жипке тизилген шуру.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Молдолордун Бекбача, / Аса тайак колунда, / Түрдөп тизген мончоктон, / Миңден теспе мойнунда, / Колунда жүздөн мончогу, / Унутпагын ошону, / Улук билет калганда, / Карга, кузгун жоруну, / Эл башкарган эрлерин, / Башында кийген бөркү бар, / Кочкор мүйүз көркү бар, / Менсептерин болжолдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кат-кагазга ээ болгон, / Саны сексен мырзасы, / Теспесин асып мойнуна, / Кудайын катып койнуна, / Дурут октоп олтурат, / Түн уктабай канчасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бата дуба кылган соң, / Бармак менен сыдыртып, / Сөөмөй менен кыдыртып, / Теспе тартып отуруп, / Оозуна ыйман толтуруп, / Алланы ойлоп жат кылып, / Жайын намазын жыйды эми, / Ал аңгыча камынып, / Алдына келип алдырап, / Аларга чайын берди … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Экөө сүнөт, экөө парз, / Эгем таала пендеден, / Өтпөй турган кыйын карыз, / Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Мекеден келген ак теспе, / Седептен кылган чоң тесме, / Жанынан сууруп алды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Дамбалы жок теспечен, / Бизден кыйын молдого, / Чоң ишенген эл экен, / Баш молдосун ошол эл, / Тирүү кудай дейт экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →