тескери
- Тетири, терс, туура эмес, оң эмес.
- Карама-каршы мүнөздө болгон, оң жагына жатпаган, оң мүнөздө болбогон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бир беттешип алышып, / Найзалары кагышып, / Каңкылдаган үн чыгып, / Карсылдашып салышып, / Оро-пара турушуп, / Ороолонуп урушуп, / Ойду-кайкы жарышып, / Оң- тескери чабышып, / Жакалашып жулушуп, / Жан алчудай болушуп, / Чокморлорун алышып, / Колтуктарын чойушуп, / Чокудан ары койушуп, / Балталары чакылдап, / Найзалары такы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайра басып керилип, / Коңшуларын келтирип, / Ажыбай кул келе атат, / Ардактап атын албаңар, / Камап барса көп дөбөт, / Чык деп айтып салбаңар, / Талаага чыгып бирөөңөр, / Таңыркап карап калбаңар, / Албагансып теңдике, / Тескери кеткин барыңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Көңүлү мага тийди, — деп / Менин эрдигимди билди, — деп / Кишинин баарын камтыган, / Айтканын көрчү кебин” деп / Ачууланып куткарбас: / — Ой, Тапан хан бери бас, / Оң тескери сүйлөнбөй, / Акыл ойлоп кебиңди айт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп сөз кезеги келбеген жерден кошулуп, адатынча мурчуюп, тескери карап кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аны тескери чеч.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →