тескей
- Күнгөйдүн карама-каршы жагы, көлөкө жак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тескей тоосу бул жердин, / Карагай, кайың кең экен, / Алдынкы саздын четинде, / Аралап айбан өткүсүз, / Караңгы токой чер экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ган, / Жаакташка конду эле, / Бакай хандын конушу, / Майбулакта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээктей, / Бир келки аппак жабуусу, / Эр Чубактын айылы, / Карабуура, Чаткалдан, / Алмамбетке караган, / Жергенин Сарытал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мен аргымак жол тартып, / Баш бурган жакка оң тартып, / Күнгөй менен салайын, / Гүлдөрүн чөптүн карайын, / Тескей менен салайын, / Текченин чөбүн карайын, / Ой-тоонун баарын аралап, / Он күндө келе калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Койлор табылгынын арасында тескейдин карын тээп, айлана жымжырт тартып мыдыр этпей токтоп калган кез болот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →