тес
- Жыгач усталардын боз үйдүн кереге-уугун ийе же түздөй турган куралы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түрдөп чапан жамынып, / Мончок ташты тагынынп, / Чапанын жерге сүйрөшүп, / Күрөшкө чыкчуу немедей, / Оң жеңдерин түрүшүп, / Белдерин кыйа курчашып, / Тесбелерин карчашып, / Буркан, Буркан, Буркан, деп, / Ичтеринен күбүрөп, / Жыгылып-кооп бүжүрөп, / Кененимге келгенде, / Ого бетер дүбүрөп, / Жыгылып-кооп бүжүрөп, / Алды…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кененим айтып болгончо, / Айткан оозун жыйгыча, / Калмакча узун чапанды, / Сүйрөлтө жерге жамынган, / Тесмеси аппак маржандан, / Мойнуна жүздү салынган, / Калмакча тилди билгенден, / Канча кошуун кол болсо, / Титинбей тинтип киргенден, / Экөө чыкты бөлүнүп: / — Бүгүн к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Экөө сүнөт, экөө парз, / Эгем таала пендеден, / Өтпөй турган кыйын карыз, / Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Мекеден келген ак теспе, / Седептен кылган чоң тесме, / Жанынан сууруп алды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →