терс

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Тескери, тетири, адаттан тышкары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак көңүлү кармаса, / Ак көрпө жайыл көрүнөт, / Каары кармап терс алса, / Кан төгөр жайы көрүнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уккан кебин улады, / Эркечтам башын ашканда, / Терс айланып калам деп, / Улама аңырт ойлоду, / Коңарт тоосун бойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Терс айлантып торултуп, / Капканын кырка артууга, / Сары коонун түзүнө, / Алып барып таштады, / Сейтек жетип аңгыча, / Серпишип уруш баштады, / Айкөл Манас баатырдын, / Айчыгы алтын кызыл туу, / Белгини сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тескери аккан суу менен, / Терс айланып басайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…, / Ушунча баскан көп талаа, / Таласка карайт баары жер, / Шымалды көздөй толгонду, / Иленин чыкты кырына, / Мундан нары казак, деп, / Кайра тарткан болжолу, / Терс айланып жол алып, / Күн батыш менен айланып, / Үчкошойдун бөксөгө, / Кеңколдун күнгөй бетинде, / Кетпей түнөп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →