термечик
- Терип алынган чамынды, майда чырпык, куурай отун.
- Терметүүгө ылайыкталып жасалган, бешиктин баш жагы менен аяк жагын туташтырып туруучу узата кеткен үстүңкү жыгачы, терметкичи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кыргыздан чыккан тентекти, / Жыпжылма, түптүз кылбасам, / Кызыл канын чубуртуп, / Кылычтан башын кыйбасам, / Шооруктун кызын алыптыр, / Тартып алып Манастан, / Термечикти тердирип, / Тирүү жесир кылбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акун хандын баласы, / Асыл тукум Ажыбай, / Байдын уулу Термечик, / Баш билгиси Түмөнбай, / Карала аттуу Алыбек, / Алардан чыгар канча кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кошо барган жолдошу, / Термечик менен Калыбек, / Урматтап атын алды дейт, / Бозучуктун сеңирде, / Жедигердин чегинде, / Чынкожо, Толтой төрт адам, / Ажыбай, Түмөн төрт адам, / Маңдайлашып олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →