термет
- Термелүү абалына келтирүү, термелтүү, чайпалтуу.
- өт. Адамды толкундатуу, делебесин козгоо, көңүлдү көтөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бешикке салып терметти, / Килемге салып көлбүттү, / Кирип кымыз ичпеген, / Жылкычы, койчу кем таалай, / Шылтоо менен төргө өттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…боодогу жылдыздар, / Күдүң тартып бул ыйлап, / Сүйкүм шамал-жел жетип, / Көлдөр бетин тердетип, / Көргүн мени кел, дешип, / Эрип кетти кара жер, / Чайкалгансып терметип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эндекей жерге туш болуп, / Эпсиз эрге баш кошуп, / Жүз жыл өмүр көргөнчө, / Муңканып жүрүп өлгөнчө, / Ойдоку эрге теңдешип, / Сүйүүгө бала терметип, / Өлүп кетсең өмүргө, / Саанасыз болуп көңүлдө, / Карымын-жашмын дебестен, / Кайгырбайт го өлүмгө, / Жарагын көр, өзүн көр, / Жалындан кызыл көзүн көр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бир кезде шаар жактан муңдуу кылып чиркөө кагылып, анын караңгы түндү кайгылуу кылып калтыраткан дабышы менин кыялымды терметип алда кайда узатып кетти...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →