термеле
- Эптеп терүү, терип жыйнап алуу.
- өт. Эбин таап, эптеп жан сактоо; эпчилдик менен иштөө, аракеттенүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өздөрү өргүп бой сергип, / Аттарын токуп термелеп, / Эр Сейити, Жетилбай, / Эми жатып ала албай, / Жарыша чаап жаш балдар, / Сулаймат ханга бармакка, / Андан кабар алмакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тапан хан кары, сен жашсың, / Тапан хандан баш тарткын, / Бар ишиңди бүтүрчүү, / Тирүү турам, мен бармын / Терип сүйлөп термелеп, / Самындай эзип олтурбай, / Ушул сырым, мен айттым, / Көңүлүң болсо мен жакта, / Сөзүңдү токтот, тез кайткын, / Куткарбас бизди колдойт, де, / Тапан ханга сен айткын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →