термел
- Аркы-терки чайпала жүрүү, чайпала кыймылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тажикти мурун термелтип, / Чайкаган киши ким экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кочкоруна асемдеп, / Кош коңгуроо тактырган, / Козголбогон эчен бай, / Кокуйлатып сабаган; / Текесине тектеп, / Тел коңгуроо тактырган, / Термелбеген нечен бай, / Телпеңдетип сабаган, / Кайаша берген эмесин, / Чоң Кеңколго камаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элин чайкап термелтип, / Эч кандай адам жеңбеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Басып барса эр Гүлүс, / Козголбой бала термелип, / Гүлүстөн менен иши жок, / Тиктеп турат делейип, / Аңтарып Гүлүс караса, / Ким көрсө тиктеп тургандай, / Көңүлүн ага бургандай, / Жалынга, окко, дайрага, / Жалтанбай өзүн ургандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Козголуп элден термелип, / Чолок чаар ат минип, / Жаманак элден бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →