терме1
- Дидактикалык, таалим-тарбиялык мааниде айтылуучу оозеки поэзиялык чыгарма.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ешмирдеки кыргыздар, / Индиге жолду бербеген, / Каты жок келген индиге, / Кыпчак эгин бербеген, / Ал заманда кыргыздар, / Мөшкөй төөнүн жүнүнөн, / Килем соккон термеден, / Өлүп кеткен кишини, / Быйдана төшөп алдына, / Термеге ороп жердеген / Бейкасам менен шайыны, / Жибектен жасап түрдөгөн, / Баашайы башка кулпуруп, / Тоту куш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алты боосу үзүктүн, / Аруулап соккон термеден, / Жазылыгы төш жары, / Тегиричи дейилда, / Кермеден кетпей жергелеп, / Ат котолоп айылда, / Тегеректеп желеге, / Жылкы жуушап калганда, / Туйактанып баса албай, / Жөө киши барбай айылга, / Жойлоп барган ит тийбей, / Төгүп салган майына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Ушинтип элсиз талаа, кара түндө жалгыз оңшуюп отуруп алып, калың ой термеп көпкө бошотпой жатты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →