тери
- Адамдын, айбандын денесин каптап турган тышкы катмары, кабыгы; союлган же өлгөн айбандын сыйрып алынган талпагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери куйулуп, / Тей беттешип жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…тчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Атакөйү кызыл аттын Бир тери бар экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →