тереңдик
- Чуңкурдун, коктунун, арыктын, көлдүн, деңиздин ж.б. үстүнкү кырынан түбүн карай кеткен эни, бийиктиги.
- Кеңдик, кеңири, кең болгондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тереңдиги он арыш, / Ыргып чыкты Майтору, / Туйагын кагып буйдалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча Макил дөө, / Келип калды өйүзгө, / Тереңдиги дайранын, / Бир миң кулач жерде бар, / Макил дөөнүн айбатын, / Кулагың болсо угуп ал: / Бийиктиги миң кулач, / Шаңкерек экен мингени, / Алда канча дайраны, / Арыкта суудай билбеди, / Көлчүк кечкен букадай, / Көлбүгүп сууга киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мынабу турган сеңирлер, / Калбыр көз тешик бүтүн жер, / Өзүм казаган орум бар, / Уй айлангыз жолу бар, / Жайын билет Коңурбай, / Тереңдиги орлордун, / Сексен эки кулач бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башы катуу шар аккан, / Айагы көлгө айланган, / Агын суусу бар деген, / Муз деңиздин күрпүлдөк, / Агыны катуу шар деген, / Түштүгүндө бирөө бар, / Чоңураагы ал деген, / Тереңдиги дайранын, / Жүз кулач жерде бар деген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кышында кардын тереңдигинен жолго орноткон карагайларга киречилер көчүгүн коюп, попорос тартар эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →