тереңде
- Тереңдиги артуу, улам терең боло берүү (мис. арык, чуңкур ж.б.), терең жагын көздөй утурлап баруу, тереңди көздөй жылуу.
- Кеңүү, дагы терең боло берүү (мис. ой, маани, билим ж.б. карата) Калыбектин ою уламдан-улам тереңдеп көздөрү жашылданды (Жантөшев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сен турасың, Чынаача, / Кыйратам деп алактап, / Араң келдиң кечинде, / Колу-бутуң шалактап, / Көзүң кайнап тереңде, / Кирпигиң топо, чылпактап, / Сыйкырчыңа бакырдың, / Атын атап чакырдың, / Казаттын бузуп каадасын, / Өзүң мурда чакырдың, / Кымбаты болбой кыргызга, / Калың журттун улуусун, / Карга көөмп батырдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →