терезе
- Үйдү жарык кылуу, аба киргизүү үчүн дубалдын бооруна жасалган ачык жер жана аны жабуучу айнектелген алкак.
- инф. Ал маалыматты көрсөтүү үчүн колдонулуучу экрандын тик бурчтуу бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Терезеден тийген айдын шооласы үйдүн ичин жаркыратып жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Терезеден көрүп калышкан белем, Василийдин ачуулуу катыны декилдеп жүгүрүп келди да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Терезеден бирөө карап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Майрамдарда жыйналып арак ичип, бийлеп үйдү төбөсүнө көтөрүп, жабыла ырдап жыргап жатканда, мен көчөдөн кетип баратып терезесинен көрүүчү үйлөр кайда!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Караңгы сарайдын алдында жатып, мынабу чоң үйдүн ичинде дүрдүнүйө тамакты жайна-тып салып, жабырап жыргап отурган элди терезе аркылуу чырактын жарыгы менен көрүп отурам...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →