тердик

китептерде 27 жолу, 7 китепте
  1. Ичмектин үстүнөн ээрдин астына салынуучу токум.
  2. диал. Ичмек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ч теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын жаркылда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тердигиңди жумшакта, / Кыйшаңдатып атыңды, / Жабыр салба айбанга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…көө жөнөдү, / Кошуна барбай Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ — Алты кат тердик бир желдик, / Алты бүктөп капшырдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →