терге

китептерде 18 жолу, 7 китепте
  1. Ден соолукка ж.б. байланыштуу тамакты ылгап, мүнөздөп ичүү.
  2. Эски салт боюнча күйөөсүнүн туугандарын (кээде күйөөсүн да) атынан айтпай, башка сөз менен алмаштырып атоо.
  3. Ак, караны күнөөлүү, күнөөсүздүктү акыйкаттап текшерүү, сураштыруу, билүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененим артка бурулду, / Балтага балта урулду, / Жер жайнап кызыл чок болуп, / Заманы элдин куурулду, / Үстүндөгү эрлери, / Алдындагы аттары, / Кара терге жуурулду, / Айтпай кантип чыдасын, / Булардай мыкты уулду, / Бул өңдөнгөн азамат, / Калың элден туулду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдына минген Көктеке, / Кара терге чыланып, / Келип элдер сурашып, / Көргөнүн айтып Тазбаймат, / «Бастыралы Каныш», — деп, / Шашмалап турат ыкчамдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жол тосуп турган бул Чанак, / Мыктылардын бири ал, / Мунун жайын билип ал, / Элүү киши бир сапар, / Кармалбай колу шал болуп, / Кара бойу дал болуп, / Кара терге чумулуп, / Эси ооганча урса да, / Кебелбестен кенедей, / Эчтемени элебей, / Турган болчу ченебей, / Өтпөйт буга түк тайак, / Ошондуктан мыкты деп, / Атанган бо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тайуучу арбак сеники, / Арбак тайып келгенге, / Эмне мынча тергедиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тоодон ышкын тергенде, отунга барганда, мени койчу эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →