тепчи

китептерде 17 жолу, 5 китепте
  1. Ийне менен аттата тигүү, жамоо, жөрмөө.
  2. Аралай өтүү, каршы-терши же ийри-буйру аралай өтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

деп, / Баатыр ураан чакырып, / Бардап үнүн бакырып, / Кый сүбөөгө найзасын, / Уруп өттү качырып, / Катуу урган найзаны, / Дөнө тийген үстүнө, / Кабаттап темир канчаны, / Ал Сыргактын найзасы, / Тепчип өттү анчаны, / Аңтарып аттан түшүрдү, / Орто тоодой барчаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…оросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарбазанын ортого. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тепчий сайып найзасын, / Тегеретип өттү эле, / Термелбеди жеринен, / Эр Чубактын найзасы, / Үзүлдү орто жеринен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында минген тулпары, / Кууганга жетер шумкары, / Тердеп–тепчип баспады, / Чардак болгон экен, деп, / Ойуна алып Сейити, / Аса байлап бууданды, / Кыйалы кетип кырк башка, / Өзү чыкты кырк ташка / Эңкейип алдын караса, / Кулжа, теке аралаш, / Жуушап жатат жанаша. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тепчип найза өттү эле, / Арстандын уулу чунагың, / Мына ошондой күчтүү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →