тепсенди

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Көп басылып тепселген, тебеленген, тапталган жер.
  2. Көпчүлүктүн, көп элдин же малдын тебелеп, тепсеп өтүүчү жолу.
  3. Эзүү, кордук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колго түшкөн элдерден, / Толуктап, баатыр, сурасаң, / Хан Каракөз дегенге, / Тепсенди болгон кандай кыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки жүз нарда бар экен, / Кой чачылоо аркан зар, / Тепсенди болуп өлбөйлү, / Такыр ушул турган жан!- / Деп ошентип турганча, / Ачып көздү жумганча, / Туучунак минип алкылдап, / Ак сакалы жаркылдап, / Өңү кызыл үлпүлдөп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ачып көздү жумганча, / Айта-буйта кылганча, / Айалдабай тез келди, / Бактысы бар жаш балдар, / Хан ордого кез келди, / Талкаланып сынгандан, / Тепсенди болуп нечени, / Чачылып жаткан андайдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →