тепсе

китептерде 93 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин үстүнөн басуу, аралап басып өтүү, таптоо.
  2. Жок кылуу, талкалоо, жеңүү.
  3. Эзүү, кыйноо, кордук көрсөтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ыртып алып барганы, / Элинен эл ким келди деп, / Эрдемсип колун салганы, / Арамдык менен иш акпай, / Коңурбай өлүп калганы, / Сен кептенип кангайлык, / Айылыңа тепсеп ким барды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачуусу келди баатырдын, / Ачып оозун эстенип, / Качырып кирди каңгайды, / Алдында атка тепсетип, / Баарысы калбай жабылды, / Баатыр эрге кездешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Кетет экен эми, — деп, / Кошо кетти жыртылбай, / Сыйкырлап чапкан кеби” – деп, / Кыңырактай каңшар таш, / Катуу чуркап баратат, / Бутун тепсеп тартканда, / Чыргалаңдап кан агат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лоду: / “Бүгүн күнүм кеч кирди, / Элге кайра кетейин, / Эрте менен болжолдо, / Мен барамын майданга, / Менден кабар болгондо, / Бирин калбай ат койуп, / Айылга тепсеп баргын деп, / Элиме кабар кылайын, / Андан кийин жыргайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жат душманга теделтип, / Таштап мени тепселтип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →