тепке

китептерде 22 жолу, 9 китепте
  1. Комуздун кылдарын чертүүгө ылайыктап көтөрүү үчүн кылдардын алдына туурасынан коюлган кичинекей жыгач тээк.
  2. Апийим өсүмдүгүн ж.б. отоо чөптөрдөн арылтып отоо, чабуу үчүн колдонулуучу узун саптуу чапкыч, кичинекей кетменче, чанжы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Анын ырысына жараша, / Аркасын карап кылчаңдап, / Жорголой басып ыкчамдап, / Кыйгач тиктеп жаныбар, / Кыйырдата тепкенде, / Жүздөн ашык ит өлүп, / Бир канчасы жарадар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топ-топ качкан немесин, / Тоодак тепкен шумкардай, / Томолотуп баратат, / Жалгыздап качкан немесин, / Жара сайып жүлүнүн, / Канын жайып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жөлөгөнгө болобу, / Алмамбет тепкен оңобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Селкинчек тепкен кыз болсо, / Селкилдеп ойноп каласың.. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →