тепеңде
- Тез-тез тепилдеп кыймылдоо, жүрүү (кичине кишиге, балага же ошондой башка жаныбарларга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Болупмун акмак бекер, — деп, / Таанылып калсам бул жерден, / Тарпымды таштап талаага, / Башымды кесип кетер, — деп, / Тааныбай мени калды” – деп, / Жолго түштү тепеңдеп, / Медеркан ойго келгенде, / Күндөй бети балкыган, / Көрүндү элес бир жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
калса баатырга, / Кутулбасын билгенде, / Он бири качты калдаңдап, / Найзанын учу жетет деп, / Как далыга бир койсо, / Каражан кантер экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, деп, / Балбандары качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желке чачы сепеңдеп, / Жетер-жетпес артынан, / Тапан хан барат тепеңдеп, / Аркасынан Сейити, / Кетип барат кекээрлеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…үн, / Агытып ийди экен, деп, / Агийинди абакем, / Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →